Бүгүн, 23-ноябрда Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Талаа айылындагы “Асанбек ата” ат майданында Нарын районунун “Түшүм майрамына” арналган ат оюндары болуп өттү.
Иш-чара Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, ага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, биринчи орун басар Кулешов Туратбек Сабырбекович, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мүсүрканов Азамат Нарынбекович, Нарын районунун ат оюндары боюнча федерациясынын жетекчиси Сыдыгалиев Кулмат Асанбаевич, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, Чүй, Талас облустарынан, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал райондорунан келген саяпкер, чабандестер, жергиликтүү тургандар жана чакырылган коноктор катышты.
Түшүм майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чара тай чабыш, кунан чабыш, жорго салыш жана бүйүр кызыткан аламан жарыш менен коштолуп, келген конокторго чакан концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле райондун дыйкан-фермерлерине алдыңкы жетишкендиктери үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” жана “Ыраазычылык каты” менен сыйланды.
Иш-чаранын жалпы байге фонду 190 000 сом.
Түшүм майрамына арналган ат оюндарында төмөнкүлөр алдыңкы орундарды камсыздашты:
ТАЙ ЧАБЫШ
1-орун Какелов Колбай Нарын.р Жалгыз-Терек айылы;
2-орун Ат-Башы р. Ак-моюн айылы;
3-орун Качыбеков.К Нарын.р 8-Март айылы;
КУНАН ЧАБЫШ
1-орун Бокешов.А. Нарын.р. Шоро айылы;
2-орун Чоноев.А. Талас.р;
3-орун Бакиров. Нарын.р. Ак-Кудук айылы;
ЖОРГО
1-орун Абыласов. Жумгал району;
2-орун Дуйшоналиев. Ат- Башы р. Ак-Моюн айылы;
АЛАМАН.
1-орун Муратов.Б Нарын.р.Чет-Нура айылы;
2-орун Ногоев.Ж Сокулук.р. Белек айылы;
3-орун Жээналиев.Т. Нарын.р. Эмгек-Талаа айылы;
4-орун Жунусакунов. Ак-Талаа р. Ак-Кыя айылы.
Түшүм майрамына арналган иш-чарага демөөрчү болгон жалпы дыйкан-фермерлерге терең ыраазычылык билдиребиз.