Урматтуу Нарын райондук прокуратурасынын кызматкерлери!
Кадырлуу ардагерлер!
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – “Прокуратура кызматкерлеринин күнү” жана Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык маарекеси менен куттуктайм.
Прокуратура кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы күрөшүп келишет. Ошол эле маалда кайсыл замандын талабы болбосун, кандай гана өзгөрүүлөр болбосун прокуратура органдарында чынчыл, принципиалдуу адамдар эмгектенишет.
Прокуратура – бул адам оор мүнөттө кайрылган орган. Жарандар мындай учурда дайыма колдоого муктаж, ал эми Сиздер тараптан, алардын мыйзамдуу талаптары ишенимдүү корголот.
Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, мамлекетте мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуу жана укук тартиптерди бекемдөө – Сиздердин негизги ишиңиздер.
Өлкөнүн калыптануусуна жана өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн бардык прокуратура кызматкерлерине жана ардагерлерине ыраазычылыгымды билдирем.
Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик жана мекенибизге ак кызмат өтөп жүрө бериңиздер.
Сиздерди терең урматтоо менен Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович.