Нарын районунун прокурору Д.Суранбековдун баяндамасына ылайык, 2024-жылдын 9 айында Нарын районунун прокуратурасы тейлеген аймакта мыйзамдуулукту бирдей жана так аткарылышынын көзөмөлүн, жергиликтүү бийлик, укук коргоо, башка мамлекеттик органдар жана коомчулук менен тыгыз иштешип, төмөнкүдөй иш аракеттерди аткарган.
Нарын районунун прокуратурасы тарабынан (мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, коррупцияга каршы аракеттенүү, адамдардын, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жана балдар жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө багыттары боюнча) жалпы 57 текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган 83 мыйзам бузууларга, 1 прокурордук каршылык, 31 сунуштама, 2 талап, 1 эскертүү келтирилген, 25 укук бузуу боюнча өндүрүш иши жана 3 кылмыш иши козголгон, ошондой эле сот органдарына 8 доо арыз келтирилген.
Прокурордук актылардын негизинде мамлекеттин эсебине жалпы 943 867 сом акчалай, ошондой эле 1 470 000 сом натуралдык түрдө материалдык зыяндар өндүрүлгөн, 49 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылышып жана 25 кызматкер айыпка кириптер болушкан.
Анын ичинен, коррупцияга каршы аракеттенүү багыты боюнча алганда, жалпы 27 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 35 мыйзам бузуулар аныкталып, аларга карата 13 сунуштама келтирилип, 20 укук бузуу боюнча өндүрүш иши жана 2 коррупциялык жана кызматтык кылмыш иштери козголгон.
Прокурордук актылардын негизинде мамлекеттин эсебине жалпы 96 000 сом акчалай материалдык зыян өндүрүлгөн, ошондой эле 21 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылышып жана 20 кызматкер айыпка кириптер болушкан.
Ал эми, мыйзамдарды так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдөө багыты боюнча жалпы 16 текшерүүнүн жыйынтыгында, 25 мыйзам бузуулар аныкталып, аларга карата – 1 каршылык келтирилип, 10 сунуштама, 1 талап келтирилип, 1 кылмыш иши козголгон жана сот органдарына 4 доо арыз келтирилген.
Жогорудагы прокурордук актылардын негизинде мамлекеттин эсебине 26 000 сом акчалай жана 1 470 000 сом натуралдык түрдө материалдык зыяндар өндүрүлгөн жана 11 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан.
Адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоого багытталган мыйзамдардын аткарылышы боюнча 6 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 15 мыйзам бузуулар аныкталып, аларга карата 6 сунуштама келтирилип, 5 укук бузуу боюнча өндүрүш иши козголгон, прокурордук актылардын негизинде 14 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылышып жана 5 кызматкер айыпка кириптер болушкан.
Прокурордук актылардын негизинде 821 867 сом акча каражаты мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.
Балдар жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө багыты боюнча жалпы 8 текшерүү жүргүзүлүп, 8 мыйзам бузуу аныкталып, аны четтетүүгө 2 сунуш, 1 эскертүү, 1 талап жана 4 доо арыз келтирилген. Келтирилген 4 доо арыздар толугу менен канааттандырылган.
Жыйынтыгы менен келтирилген 2 сунуш боюнча 4 кызматкер тартиптик жазага кириптер болушкан жана 1 талап каралып, ченемдик укуктук актылардын бузулушу четтетилген.
Тергөө багыты боюнча алып караганда Нарын районунун прокуратурасы тарабынан 2024-жылдын 9 айында кылмыштар тууралуу арыз, билдирүүлөрдү кабыл алуу, каттоо жана мыйзам чегинде чечүү, кылмыш иштер боюнча тергөө аракеттери мыйзам чегинде жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо багытына прокурордук көзөмөл Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктарына жана көрсөтмөлөрүнө ылайык жүргүзүлдү.
2024-жылдын 9 айында Нарын районунун аймагында жалпы 61 кылмыш катталып, салыштырмалуу 2 учурга азайган.
Көрсөтүлгөн мөөнөттө жалпы 4 оор жана 2 өзгөчө оор кылмыштар катталган, былтыр 1 өзгөчө оор кылмыш катталып, салыштырмалуу 5ке көбөйгөн. Аталган фактылардын 5 адамдын ден-соолугуна жана өмүрүнө каршы кылмыштарды түзгөн болсо, 1 кылмыш менчикке каршы кылмышты түзгөн. Аталган кылмыштардын бети ачылган.
Балдар тарабынан жасалган, анын ичинде зордук-зомбулук жана сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар катталган эмес.
Көрсөтүлгөн мөөнөттө аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук фактысы боюнча 2, анын ичинен 1 өзгөчө оор кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен 2 иш соттун кароосуна жиберилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан.
Жыйынтыктап айтканда, 2024-жылдын 9 айында 29 кылмыш иш соттун кароосуна жиберилип, 30 иш өндүрүштөн кыскартылып, 1 иш өндүрүштө турат.
Кылмыштардын бетинин ачылышы боюнча отчеттук мезгилде Нарын РИИБнүн тергөө кызматынын өндүрүшүндө жалпы 77 кылмыш иши болуп, анын ичинен 29 иш соттун кароосуна жиберилип, реабилитациялык эмес негиз менен 19 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылып, жалпы 48 кылмыштын бети ачылып, 62,3% түзгөн.
Мыйзамдуулукту сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү приоритеттүү багыт болгондуктан, райондук прокуратура тарабынан, кылмыштардын бетин ачуу жана кылмыштардын тергөөсү боюнча прокурордук көзөмөлдү уюштуруу, ошондой эле жарандардын эркиндигин жана укуктарын чектөө боюнча процессуалдык жана тергөө аракеттерин жүргүзүү мезгилинде, мыйзамдуулуктун сакталуусу боюнча прокурордук көзөмөлдү уюштурууда укук коргоо органдары менен биргеликте укук тартибин чыңдоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү боюнча уюштуруучулук жана практикалык иш чаралар жүргүзүлүдө.
2024-жылдын 9 айында Нарын райондук соту тарабынан 29 кылмыш иш 35 жаранга карата каралган. (2023-жылдын 9 айында 36/53 кылмыш иши каралган) салыштырмалуу 2023-жылга караганда 7/12 кылмыш ишке аз каралган.
Ал эми, жарандык, административдик жана экономикалык иштер боюнча соттордо өкүлчүлүк кылууда, Нарын облустук административдик сотунда 2024-жылдын 9 айына карата прокурордун катышуусу менен 4 административдик иш каралып, 100% катышкан.
Ошондой эле, райондук прокуратура тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө 2 административдик доо келтирилип, толугу менен канааттандырылган.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик Кодексинин 48-бер. негизинде Нарын райондук сотуна 6 доо арыз келтирилип, 4 доо арыз канааттандырылган, ал эми 2 доо арыз кароодо.
Ал эми, 2024-жылдын 9 айына карата Нарын райондук прокуратурасы тарабынан, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 48-беренесинде катышууга милдеттүү болуп эсептелинген райондук сотто каралган 81 жарандык иштердин баарына же болбосо 81 жарандык ишке 100% катышуу камсыз кылынган.
Жогоруда аталган баардык тармактар боюнча иш аракеттер күчөтүлгөн тартипте алынып барылууда.