Бүгүн, 19-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын утурлай, Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз айылынын 100 жылдык маарекеси белгиленди.
Салтанаттуу иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Өскөнбаев Эмил Жолдошович, Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышова, Пакистан өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчиси, Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы С.Асаналиев, райондук ардергерлер кеңешинин төрагасы С.Нурманбетов, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Окенов, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чарада район акими 100 жылдыкка карата айыл элине төмөндөгүдөй куттуктоо сөзүн арнады:
Мына бүгүн чакан айылдын мааракесин белгилеп, кылымдык тарыхына күбө болуп отурабыз. Жүз жыл айтканга жеңил болгону менен эчен турмуштук тажрыйбаны баштан кечирип, ар кандай мезгил талаптарынан өткөн кары адамдарыбыз буга күбө.
Орто- Саз айылында аткарылган иштерди белгилөө менен район акими Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатынын негизинде өлкөбүздө, анын ичинде облус жана районубузда көптөгөн алгылыктуу иштер жүргүзүлүлуп жатканын кошумчалады.
Атап айтканда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Президентибиздин онлайн-форматта катышуусунда республика боюнча объектилер ачылып, анын ичинде заводдор, чакан ишканалар жана социалдык объектилер ачылып пайдаланууга берилди.
2024-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Жапаров Акылбек Үсөнбековичтин онлайн-форматтагы катышуусунда Орто-Саз айылындагы таза суу системасы пайдаланууга берилип, ачылыш аземи болгондугун белгиледи.
Мындан сырткары Чет-Нура айыл өкмөтү тарабынан айылды жарыктандыруу жана Үч-Нура-Нарын автоунаа жолу мамлекет тарабынан ремонттон өткөрүлгөн. Бул да болсо өлкө башчысын ар бир айыл аймактарга болгон камкордугу жана колдоосу экендигин белгиледи.
Андан сырткары район акими Н.Мадимаров айылдын инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана жашоо шартын жакшыртууда материалдык колдоо көрсөтүп, зор салымын кошкон инсандарга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” жана “Ыраазычылык каты” менен сыйлады.Ошондой эле Чет-Нура айыл өкмөтү тарабынан да сыйлыктар тапшырылды.
Тарых жаратууда талыкпаган мээнет жана билим менен илимдин жардамы зор экени айтпаса да белгилүү, бул иш-чарага Пакистан өлкөсүнүн элчилигинин атынан Орто-Саз айылынын Жолдон Саламатов атындагы орто мектебине электрондук доска белекке берилип, билим уясынын эмгек жамаатына ийгилик каалап өттү.
Соңунда Орто-Саз айылынын 100 жылдык иш-чарасына арналып даярдалган, кылым карыткан тарыхын, айылдан чыккан чыгаан уул кыздарынын эмгегин даңазалаган концерттик программа менен коштолуп, сахналаштырылган чакан сценка тартууланды.