Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаровдун социалдык коргоонун жана кесиптик бирликтердин кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

«Урматтуу социалдык коргоонун жана кесиптик бирликтердин кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын социалдык коргоосунун жана кесиптик бирликтеринин кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бүгүнкү күндө Сиздердин кесибиңиздер коом үчүн маанилүү экенин гана билдирбестен, мамлекеттик саясатыбызда социалдык фактордун өсүп өнүгүшүнө да чоң салымын кошуп жаткан кесип экенин айта алам.
Сиздердин эмгегиңиздер, ар бир адамга жана анын үй-бүлөсүнө боорукерлик менен кам көрүүгө багытталган ишиңиздер ак ниеттүүлүктү, сабырдуулукту жана мээримдүүлүктү талап кылат.
Балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, карыларга кам көрүү — коомубуздун негизин түзгөн асыл наркыбыз болуп кала берет. Социалдык коргоо системасынын кызматкерлери талыкпай эмгектенип, өлкөнү өнүктүрүүгө олуттуу салымын кошот деп ишенем.
Бүгүнкү белгиленип жаткан күндү кызматтык милдеттерин так аткарып, ак дилден өз өмүрүн адамдарга кызмат кылууга арнаган, социалдык өнүгүү системасында өз кесибин сүйгөн жана колдоого, боорукердикке муктаж болгон жарандардын бардыгына мээримин төккөн, жүрөгүнүн жылуулугун бөлүшкөн мээрман кызматкерлердин кесиптик күнү.
Кесиптик бирликтер — мамлекеттин жооптуу жана ишенимдүү өнөктөшү, өлкөнүн экономикалык турмушуна жана эмгек чөйрөсүнө жигердүү таасир тийгизген жаратман күч. Сиздердин билимиңиздер, тажрыйбаңыздар мындан ары да өлкөбүздүн эмгек потенциалын ийгиликтүү коргоого жумшалат деп терең ишенем.
Сиздердин ар күнү аткарган ишиңиздер натыйжалуу социалдык саясатты ишке ашырууга, адам укуктарынын, гумандуу идеялардын артыкчылыгын бекемдөөгө, коомдо социалдык биримдикти жаратууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Урматтуу социалдык коргоонун жана кесиптик бирликтердин кызматкерлери! Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм. Эмгегиңиздердин акыбети кайтып, ишиңиздер ийгиликтүү болсун. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакты-таалай, тынчтыкты жана бейпил жашоону каалайм!»

Жооп калтыруу