Бүгүн, 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Нарын районунун Чет-Нура жана Мин-Булак айыл аймактарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Жапаров Акылбек Үсөнбековичтин онлайн-форматтагы катышуусунда таза суу системасынын жана фельдшердик акушердик пункттун (ФАП) ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов, орун басарлары А.Сапаров, Ш.Абдраимов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Т.Кулешов, АРИС уюмунун Нарын облусундагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын институттук өнүктүрүү боюнча адиси Картанбаев Эркин Алымбекович, АРИСтин АИД-3 Кошумча каржылоо долбоорунун Нарын облусу боюнча социалдык мобилизация адиси Токтосунова Гульмира Керимакуновна, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М.Алияскаров, Чет-Нура, Мин-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Саз айылында таза суу системасы Азия Өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда 28 млн 298 миң 304 сомго АРИС уюму тарабынан аткарууга алынып, бүткөрүлгөн. Курулуш иштерин “ЖумгалСууКурулуш” ААК жүргүзгөн.
Ал эми Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эчки-Башы айылында АРИС уюму тарабынан жаңы курулган фельдшердик акушердик пункту (ФАП) пайдаланууга берилди.
ФАПтун курулуш иштери ОсОО “АНТЖ” тарабынан курулган (АРИС уюму тарабынан 4 млн 698 миң сом, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 502 миң сом). Курулуштун жалпы сметалык наркы 5 млн 200 миң сомду түзгөн.