НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМИ Н.МАДИМАРОВ ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ИШ САПАРДА БОЛДУ

Бүгүн, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Шоро, 8-Март, Ак-Кудук айылдарында болду.
Алгач иш сапардын жүрүшүндө Шоро айылындагы Ак-Суу каналында жүргүзүлүп жаткан иштерден жеринде кабар алды.
Ак-Суу каналынын узундугу 3 км жерине бетон куюлуп каналдын курулуш иштери жүргүзүү керек болсо. Бүгүнкү күндө каналдын 650 м жери бетондолгон. Курулуш иштерине Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын жана Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн техникалары тартылган. Ошондой эле курулушта райондук суу чарба башкармалыгын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар ашар жолу менен ишке ашырууда.
Ак-Суу каналы республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен ремонттон өткөрүлүп жатат.
Ошондой эле Шоро айылына АРИС уюму тарабынан ремонттон өткөрүлүп жаткан ФАПтун курулуш иштерин жана айылдык китепкананын абалы менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Ак-Кудук айылындагы курулуш иштери жаңыдан аяктаган Омор уулу Кожоке атындагы орто мектебинде болду.
Андан сырткары Ак-Кудук айылында “Кумтөр Голд” компаниясы тарабынан каржыланып, салынып жаткан бала бакчанын курулуш иштерин жеринде көрдү. Бүгүнкү күндө бала бакчанын чатырчасын жабуу иштери жүргүзүлүүдө.

Жооп калтыруу