НАРЫН РАЙОНУНДА БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 2-октябрда Муса Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүндө өз иштеринде чыйыр салып, ары кызыктуу ары татаал эмгекти аркалап келе жаткан мугалимдер күнү белгиленди.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Н.С. Мадимаров, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Т. Ашырбаев, Нарын районунун прокурорунун улук жардамчысы Г.Ажыбаева, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун профсоюзунун төрайымы Б.Баяманова, Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директору К.Мамытов, Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча өрт көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору К.Масынбаев жана мектеп жана бала бакча директорлору катышты.
Аталган иш-чарада район акими төмөнкүлөргө токтолду:
Билим берүү тармагына мамлекет башчысы С.Н.Жапаров тарабынан жогорку деңгээлде көңүл бурулуп жатканын, Кыргызстандын ар бир облустарында билим берүү мекемелерин куруу, капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү иштери активдүү жүрүп жатканын белгиледи. Анын ичинде Нарын районунун бир нече айылдарында аталган иштер жүргүзүлүп, айрымдары жаңы окуу жылына карата ачылып иштеп жаткан болсо, айрым айылдардагы билим берүү мекемелеринде иш кызуу жүрүп жатат.
Мугалимдик кесиптин түйшүгү оор экендиги талашсыз. Бирок мындай шартта да тынымсыз эмгектин үзүрүн көргөзүп, өткөн жылдагы окуу жылында, билим сапаты жана жалпы республикалык тестирлөөдө Нарын району эң жакшы жетишкендиктерге жеткенин кошумчалады.
Андан соң коомдун руханий жактан өсүп өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн Нарын районунун “Ардактуу атуулу”, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак громатасы” жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Белгилей кетсек, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Нарын районунун билим сапаты жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, облус боюнча алдыңкы орунду камсыздаган.
Эскерте кетсек, Нарын району боюнча жалпы 34 мектеп бар болсо, анда 1030 мугалим , ал эми 35 бала бакчада 178 тарбиячы эмгектенет.
Иш-чара Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, Нарын райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.

Жооп калтыруу