Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын облустук шайлоо комиссиясынын өкүлү Б.Өмүралиев, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана мүчөлөрүнүн катышуусунда 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктарды көрүү боюнча райондук штабдын отуруму болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 18-сентябрындагы №207-б буйругун жетекчилике жана аткарууга алуу боюнча Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 23-сентябрында “Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө” №327-б буйругу чыгарылып, ага ылайык райондук штаб түзүлгөн жана ар бир шайлоо участкаларына мекеме, ишкана жетекчилери көзөмөл кылуу максатында бекитилген.
Ушул эле жылдын 23-сентябрында райондук штабдын 1-отуруму өткөрүлүп, ага мекеме, ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышкан.
Жыйында мекеме, ишкана жетекчилерине шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын иштелип чыыкан эстеткечтер берилип, уюшкандыкта өткөрүү боюнча тийиштүү тапшыпмалар берилген.
Жалпысынан Нарын районунда 33 шайлоо участкалары бар, жалпы шайлоочулардын саны-34672 адамды түзөт. 7 айылдык кеңешке 137 мандат бөлүнсө, анын ичинен 53 мандат гендердик теңчиликти камсыздоого багытталып, аялдар квотасы үчүн каралган.
Административдик-аймактык реформага (АТР) чейин 15 айыл өкмөттө 33 округ болуп келсе, учурда 7 айыл аймакка 30 округ болуп түзүлүп, калкынын санына жараша 6 айыл өкмөтүндө-21ден мандат болсо, Жан-Булак айыл өкмөтүндө-11 депутат мандат каралган.
Маалымат үчүн айта кетсек Кыргыз Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен жергиликтүү Кенештердин депутаттары мөөнөтүнөн мурда таркатылып, жаңы шайлоо күнү 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген.