ИНВЕСТОРЛОРГО ЖАКШЫ ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮҮДӨ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ИШ-АРАКЕТТЕР

Бүгүнкү күндө Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылынын “Кур-Терек” участкасында өнөр-жай багытына которулган жер аянтындагы “Индустриялык паркта” Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Эргешовдун көзөмөлү жана демилгеси менен Кыргыз Республикасынын “Нарын” эркин экономикалык аймагы менен Кытай Эл Республикасынын Шинжаң автономдук районунун “Кашкар” эркин экономикалык аймагынын индустриялык паркында инвесторлорго шарт түзүү жана инфраструктураны жакшыртуу максатында, учурда курулуш иштерин баштоо үчүн кызуу иштер жүрүүдө.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.С.Мадимаров тарабынан жер аянттарын түздөө жана тегиздөө максатында айыл өкмөт башчыларына тапшырмалар берилип, тапшырманын негизинде муниципалдык ишканалардын техникалары тартылып, жолуна асфальт төшөө, электр чубалгыларын тартуу, айланасын жарыктандыруу, ичүүчү суусун тартуу жана айланасын коруу жумуштары аткарылууда.

Жооп калтыруу