Бүгүн, 18-сентябрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин
Султанович Нарын районунун «Жарандык коргонуу комиссиясы» менен биргеликте Дөбөлү айыл аймагына караштуу Эки-Нарын айылындагы Нарын-Орук-Там автожолунун 39-чакырымында Чоң-Нарын суусунун үстүндө жайгашкан жыгач көпүрөнүн учурдагы абалына визуалдык, аэровизуалдык изилдөө иштерин жүргүзүү менен жеринде таанышты.
«Жарандык коргонуу кызматы” боюнча комиссиясынын мүчөлөрү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Т.Ашырбаев, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин башкы адиси М.Эркинбеков, №8 жол тейлөө ишканасынын башчысы К.Бейшеналиев, Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары-майор А.Баймурзаев, Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын райондук башкармалыгынын инспектору М.Касымов, Жол чарба департаментинин №2 аймактык бөлүмүнүн адиси Н.Кубанычбек уулу, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов, Эки-Нарын айыл башчысы М.Саламатов болуп, жеринде көпүрөнүн абалына мониторинг жүргүзүү боюнча кеңешме өткөрүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментине, №8 Жол тейлөө ишканасына өзгөчө кырдаалды алуу менен адам өмүрлөрүн сактап, автоунаа каттамынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, инженердик геологиялык долбоорлоо изилдөө иштерин жүргүзүү менен жаңы көпүрөнү куруу иштерин тийиштүү тараптарга сунуштоо чечими кабыл алынды.