КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ

Бүгүн, 13-сентябрда Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйүндө маданият кызматкерлери тарабынан Ч.Айматовдун он эки чыгармасынан турган “Адамга эң кыйыны, күн сайын адам болуу”- аттуу композициясынын инсценировкаланган спектакли жана отчеттук концерти болуп өттү.
Иш чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин улуттук маданий борборунун өкүлү Калчаева Жайнагүл Төлөгөновна, Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын “Үз дайра” берүүсүнүн негиздөөчүсү жана алып баруучусу, “Санирабига” продакшн мода үйүнүн директору Осмонова Наргиза Нааматбековна, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкери Р.Орозбаев, Нарын шаарын вице-мэри Э.Асангазы кызы, райондук мекеме жетекчилер жана айыл өкмөт башчылары катышты.
Иш-чаранын башталышы залкар жазуучу Ч.Айматовдун белгилүү “Кызыл алма”, “Саманчынын жолу”, “Биринчи мугалим”, “Жамийла”, “Делбирим”, “Эрте келген турналар” жана “Бетме-бет” чыгармалары сахналаштырылып, көрүүчүлөргө тартууланды.
Андан соң Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров келген конокторго, маданият кызматкерлерине куттуктоо сөзүн айтып, төмөндөгүлөргө токтолду:
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров тарабынан маданият тармагына көңүл бурулуп, маданият мекемелеринин материалдык базаларын чыңдоо боюнча да алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.
Республикалык бюджеттен Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйүнүн ремонттоо иштерине жана ички жасалгасына акча каражаттары бөлүнүп берилип, бүгүнкү күндө маданият үйү ремонттон өткөрүлгөн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов тарабынан да колдоо көрсөтүлгөнүн белгиледи.
Белгилей кетсек, Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйү мамлекет тарабынан жалпы 10 млн 516 000 сомго ремонттон өткөрүлгөн жана ички инвентарлар алынган.
Мунун ичинен 7 млн 180 миң 500 сомго капиталдык ремонттон болгон жана
ЛЭД экран , интерактивный панель 2 даана, маданият кызматкерлерине кийимдер алынган.
Ошондой эле музыкалык аппаратура жана улуттук аспаптар менен толукталган.

Жооп калтыруу