Бүгүн, 2-сентябрь “Билим күнүнө” карата Нарын районунун бардык айыл аймактарында “Биринчи коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралары болуп өттү.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна менен биргеликте Дөбөлү айыл аймагына караштуу Таш-Башат айылындагы Д.Мамбетов жана Эки-Нарын айылындагы М.Мамбетов атындагы орто мектептеринде болду. Ошондой эле акимдин орун басарлары, Нарын районунун коллегия мүчөлөрү жер-жерлерде болуп, “Билим күнүнө” карата уюштурулган иш-чараларга катышып, акимдин куттуктоосун жеткиришти.
Иш-чарага айыл башчылары, мугалимдер жамааты, ата-энелер жана окуучулар катышты.
Нарын районунун акими Н.Мадимаров билим күнү менен куттуктап, төмөндөгүлөргө токтоло кетти:
Урматтуу агай-эжейлер, окуучулар жана ата-энелер 1-сентябрь–Билим күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
“Билим-алуу ийне менен кудук казгандай” дегендей, мектеп босогосун аттап жаткан жеткинчектердин сапары байсалдуу болсун. Жалпы мектеп окуучуларына, мектеп жамаатына жаңы окуу жылына жаңы дем, жаңы күч, жаңы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Район акими 2023-2024-окуу жылы районубуз үчүн жетиштүү жылдардан болгондугун белгилеп, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 75,6% түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 14,6% өсүш бергенин баса белгиледи. Бул жетишкендиктерге мугалимдердин, ата-энелердин жана окуучулардын эмгеги чоң экендгин белгиледи.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан бүгүнкү күндө билим берүү тармагына чоң көңүл бурулуп жатканын белгилеп, районубузда мамлекеттин колдоосу менен жаңы мектептердин курулуш иштери жүргүзулүүдө. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33-жылдыгын утурлай президентибиздин онлайн-формат катышуусунда Ак-Кудук айылына 150 орунду Омор уулу Кожоке мектеби, андан сырткары 2 өнөр жай ишканаларынын ачылыш аземдери болуп өткөндүгүнө токтоло кетти.
Аталган обьекттер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата республикада ачылган 100 обьектинин катарына кирет.
Кыргыз Республикасынын Президендинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешовдун демилгеси менен алгылыктуу иш аркеттер жүргүзүлүп келүүдө.
Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан Нарын району боюнча 5 мектептин жана 1 бала бакчанын имараты курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.
Белгилей кетсек Кызыл-Жылдыз айылындагы 150 орундуу М.Иманалиев атындагы орто мектеби.
Жер-Көчкү айылындагы 150 орундуу Б.Кыязов атындагы орто мектеби.
Миң-Булак айылындагы 375 орундуу Актан Тыныбек атындагы орто мектеби.
Сары-Ой айылындагы 150 орундуу К.Жусупов атындагы орто мектеби.
Ийри-Суу айылындагы 150 орундуу М.Байдөлөтов атындагы орто мектеби.
Мындан сырткары Ак-Кудук айылындагы 50 орундуу “Ак-Кудук Келечеги” бала бакчасы. “Кумтөр Голд” ААК каржыланууда.