Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгын утурлай, Нарын районунун Эмгек-Талаа жана Миң-Булак айыл аймактарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн-форматтагы катышуусунда социалдык объект, муниципиалдык өнөр-жай ишканаларынын ачылыш аземдери болуп өттү.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Ш.Абдраимов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги К.Тукеев, Эмгек-Талаа жана Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Ак-Кудук айылындагы 150 орунду Омор уулу Кожоке атындагы орто мектебинин курулушу 2018- жылы мамлекеттин колдоосу менен башталган, жалпы наркы 59 млн сомду түзгөн.
Ал эми Куйбушев айылында калкты иш менен камсыздоо максатында 50 орундуу кийим тигүүчү цех да ачылып өз ишмердүүлүгүн баштады.
Аталган экономикалык долбоор жалпы 14 миллион 350 миң сомго курулду. Бул каражаттын 6 миллион 500 миң сому АРИС уюму аркылуу Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланса, өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 3 миллион 850 миң, ошондой эле “Миң-Булак” өнүктүрүү фондунан 4 миллион сом бөлүнгөн.
Тигүү цехтин имараты толук салынып, ичинде бардык шарттар каралып, тигүү жабдыктары толук орнотулган. Бул долбоор негизинен кол өнөрчү айымдарды колдоого багытталган, алар улуттук буюм-тайымдарды жасап, өлкө ичине жана чет элге сатышат.
Ошондой эле Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Куйбушев айылында ачылган өндүрүш ишканасында 60,100,120 өлчөмүндөгү үч түрлүү мык, буроо, курулушка керектүү зым жана чарба жумуштарына ылайыктуу габион торлору өндүрүлөт.
Беш станок коюлган ишканада беш жаран иш менен камсыздалып, алгач окуудан өтүп келишкен. Бул долбоор “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондусунан 3 миллиион сомго каржыланса, жеке ишкер 500 миң сом өздүк салымын кошуп, имараттын үстүн жаап, ремонттон өткөргөн. Цех мурдагы кампанын имаратында жайгашкан.
Аталган социалдык объекттер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ачылган 100 имараттын катарына кирет.