КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН ТҮЗҮЛГӨНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА НАРЫН РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫНДА БЕКИТИЛГЕН 100 ИШ-ЧАРАГА ЫЛАЙЫК НАРЫН РАЙОНУНУН ТАРЫХЫЙ МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ

Бүгүн 2024-жылдын 29- августунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н. С. Мадимаровдун жана Нарын районуна үзүрлүү эмгек кылган, ардактуу эс алуудагы ардагерлер, мекеме жетекчилер, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик муниципалдык кызматкерлердин катышуусунда Нарын районунун тарыхый музейинин ачылыш аземи болуп өттү.
Музейде Нарын районунун түзүлүшү, тарыхы, өмүрү өрнөк болгон инсандардын өмүр баянын, таржымалын баяндаган китепчелер, ар кандай өткөөл мезгилдеги жетекчилердин, мамлекеттик кызматкерлердин жана социалдык эмгектин баатырлардын атайын бурчун жана ошол мезгилдеги колдонулган техникалык буюмдарды алгачкы жазууларды, райондун түзүлгөндүгү боюнча ар мезгилдеги картографиялык материалдарды көрүүгө болот.
Иш чарада район акими аталган музей чакан болгону менен, Нарын районун эчен жылды карыткан тарыхын батырганын, улуу муундан келе жаткан мурас экенин белгилеп мамлекетибизде жакшы саамалык ачылыштар көп болуп жатканын жана да музейдин текчелери токтоп калбастан толукталаарын кошумчалады.
Ал эми иш-чаранын экинчи бөлүгү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында улантылып, 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн мамлекеттик- муниципалдык, маданий-маалыматтык жана социалдык тармактын өкүлдөрүн сыйлоо аземи менен улантылды.
Район акими сыйлыктарды тапшырып жатып мамлекеттин өсүп- өнүгүүсү андагы кызматкерлерден дагы коз каранды болоорун айтып сыйлык ээлерине бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана мындан аркы иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап өттү.
Андан соң маданият өкүлдөрү тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.

Жооп калтыруу