НАРЫН РАЙОНУНДА ДРОБИЛКА- БЕТОН ЗАВОДУ КУРУЛУУДА

2024-жылдын 28-августунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович курулуп жаткан заводдун курулуш иштерин жеринде көрдү.
Дробилка-бетон завод жеке ишкер Акмат Кудайбергенов тарабынан курулууда.
Завод Миң-Булак айыл аймагына караштуу “Запин 2” участкасында курулууда.
Жалпы тартылган инвестициянын көлөмү 350-400 000 доллар акча каражатын түзөт.
Бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүүдө, жеке ишкердин берген маалыматы боюнча
таш майдаланып, саатына 180 тонна шагыл чыгарат.
Заводдун курулуш иштери бүткөндөн кийин 15 адам иш орду менен камсыз болот.
Аталган завод 20-сентябрда ишке берилүүсү күтүлүүдө.
Ал эми саатына 70-80 куб бетон аралашмасын чыгара турган завод октябрь айынын аягында пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, карьерден кум-шагыл казып алууга тиешелүү уруксат иш кагаздары Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бүткөрүлүп берилген.

Жооп калтыруу