Бүгүн 26-августа Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында коллегиялык отурум өттү.
Коллегиялык отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, коллегия отурумунун мүчөлөрү, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, социалдык адистер жана мектеп директорлору катышты.
Күн тартибинде төмөнкү 3 маселе каралды:
1. Нарын районундагы жалпы билим берүү мекемелеринин 2024-2025-жаны окуу жылына карата даярдыктарын көрүү жөнүндө;
2. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын Нарын районунда аткарылышы жөнүндө;
3. Кошумча маселе катары Нарын районунун тарыхый музейин ачуу жөнүндө;
Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Идрисов төмөндөгүлөрдү билдирди:
Нарын району боюнча билим берүү тармагында 1 кесиптик лицей филиалы менен, 34 жалпы билим берүүчү мектеп анын ичинен 2 мектеп башталгыч, 35 бала бакча, 1 балдардын чыгармачылык борбору бар.
2023-2024-окуу жылында Нарын районундагы 34 мектепте 9654 окуучу билим-тарбия алышты.
Бүтүрүүчүлөрдүн саны: 2023-2024-окуу жылында 11-классты 553 (554), 9-классты 982 (860) окуучу аяктаган. Жогорку окуу жайга 428 бүтүрүүчү же 77,4 пайызы тапшырды. Ал эми 72 бүтүрүүчү атайы орто кесиптик окуу жайга тапшырган.
Жалпы республикалык тестирлөө: 2023-2024-окуу жылы жалпы бүтүрүүчүлөрдүн саны 553, анын ичинен тестирлөөгө катышканы 504, тестирлөөгө катышпагандардын саны 49.
Ал эми ЖРТга катышкан 504 (510) окуучулардын ичинен 382 (310) бала же 75,6 (61,0) пайызы 110 баллдан жогору баллга ээ болгон. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен билим сапаты былтыркы жылга салыштырмалуу 14,6 пайызга өсүш берди. Анын ичинен 8 (0) окуучу 200 баллдан жогорку көрсөткүчкө ээ болушту.
Бала бакчалар боюнча:Жалпы 2 жаштан 5 жашка чейинки балдардын саны 3517 (3476). Анын ичинен 2023-2024-окуу жылы 35 бала бакчага 2317 (2284) бала же 65,8 (65,7) пайыз тартылган. Тарбиячылардын саны 179 (178). Мектепке чейинки билим берүүнү бардык балдарга жеткиликтүү камсыз кылуу максатында “Келечек үчүн билим берүү” долбооруна Нарын району боюнча 25 долбоор (17 бала-бакча, 7 мектеп) 3 саатык бала бакча ачуу боюнча өтүп, 2 бала-бакчанын ремонту аяктады, калгандарында ремонт иштери жүрүп жатат.
2024-2025-жаңы окуу жылынын башталышы менен бала бакчага тартылуу 85 пайызды камсыздайт. Жаңы окуу жылына карата 7 бала бакчада кошумча 12 тайпа ачылып, 300 бала бала бакчага алынат.
Мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнүп, Нарын району боюнча 6 мектептин жана 1 бала бакчанын имараты жаңы курулуп жатат.
Алсак, 150 орундуу Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке атындагы орто мектеби. Аталган мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берүү алдында турат.
Андан сырткары Кызыл-Жылдыз айылындагы 150 орундуу М.Иманалиев атындагы орто мектеби.
Жер-Көчкү айылындагы 150 орундуу Б.Кыязов атындагы орто мектеби. Курулуш иштери 2022-жылы сентябрь айында башталган. Учурда имараттын 2-кабаты, спорт залы бүттү, чатырлоо иштери башталууда.
Миң-Булак айылындагы 375 орундуу Актан Тыныбек атындагы орто мектеби. Курулуш иштери 2023-жылдын сентябрь айында башталып, катлован казылган.
Сары-Ой айылындагы 150 орундуу К.Жусупов атындагы орто мектеби. Курулушу 2023-жылы сентябрь айында башталган. Имарат салынуучу орундун катлованы казылган.
Ийри-Суу айылындагы 150 орундуу М.Байдөлөтов атындагы орто мектеби. Курулуш иштери 2024-жылдын апрель айында башталган. Имараттын пайдубалы түптөлүп бүттү.
Мындан сырткары Ак-Кудук айылындагы 50 орундуу “Ак-Кудук Келечеги” бала бакчасы. Курулуш иштери 2023-жылы башталган. Учурда имараттын пайдубалы тургузулуп, чатырланган. Каржылоо булагы: “Кумтөр Голд” ААК.
Регламенттин негизинде 2-маселе боюнча Нарын районунда Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы «Жер казынасы жөнүндө» №49 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №810 токтому менен бекитилген «Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө» Жобо жетекчиликке алынып, бул багытта алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келүүдө.
Нарын районунун аймагында жер казынасына чалгындоо жана кен казып алуу боюнча лицензиялык мөөнөтү бүтө элек 8 ишкана бар, алардын ичинен туруктуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан ишканалар Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Кум-Бел участогунда «АТ-Минералз», «Премьер-Право», Миң-Булак айыл аймагына караштуу «Алтын-Төр» участогунда «Авелум партнер», «Бучук» участогунда «Zhon Ji Mining company» жоопкерчилиги чектелген коомдору иш алып барып келет.
Жыйынтыгында ар бир каралган маселелер боюнча Нарын районунун акими Н.Мадимаров мекемелердин жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына тийиштүү тапшырмаларды берип, коллегиялык отурумда күн тартибинде каралган маселелер боюнча тийиштүү иш алып барууну тапшырды.

Жооп калтыруу