2024-жылдын 19-августунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров, ДЭП-41 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Билимбек уулу Асан жана Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы С.Чекиров менен биргеликте Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун абалын жана тазалыгын көрдү.
Мамлекеттик маанидеги жолдордун абалын жана тазалыгын көрүп, парапеттердин түбүндө өскөн чөптөрдү жана ар кандай таштандыларды тазалоо боюнча тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, ДЭУ-41 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан да таштандыларды тазалоо, тазалыкка келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Андан соң Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Алыш айылындагы “Нарын” аэропортунда болуп, жеринде жүргүзүлүп жаткан иштерден кабар алды.
Бүгүнкү күндө “Нарын” аэропортунда төмөндөгүдөй оңдоо-курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Аэропорттун учак учуп-конуучу тилкесине-12700м2 жаңы асфальт-бетон аралашмасы салынып бүткөрүлгөн.
Перрондун негизине(основание) кум-шагыл төгүлүп, тапталып асфальт салуу даяр.
Ал эми администрациялык имаратынын айланасы- 3495м2 негизине (основаниесине) кум-шагыл төгүлүп, тапталып асфальт салууга даярдалган.
Ошондой эле административдик имараттын алдындагы Рубеждин негизине- (основаниесине) 6014м2 битум эмульсиясы чачылып, асфальт салуу иштери башталууда.