Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу.
Нарын районунун прокурорунун улук жардамчысы, юстициянын лейтенанты Г.Ажыбаеванын берген баяндамасына ылайык, төмөндөгүлөрдү билдирет:
Кыргыз Республикасынын аймагында балдардын ден-соолугуна, дене бой интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чаралар мыйзам менен так белгиленген.
Мындан тышкары, балдардын кайсы бир жерде болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген жерлер мыйзамда белгиленип көрсөтүлгөн.
Атап айтканда, сутканын убактысына карабастан төмөнкүдөй жерлерде балдардын болуусу тыюу салынат: юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин сексуалдык мүнөздөгү гана товарларды сатууга арналган обьекттеринде, пиво сатуучу ресторандарда, сыра, шарап барларында, алкоголдук азыктарды, анын негизинде даярдалуучу пивону жана башка ичимдиктерди гана сатууга арналган башка орун жайларда.
Ошондой эле, түнкү убакытта ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) коштоосусуз, балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдардын коштоосусуз балдардын болушуна көчөлөрдө, стадиондордо, парктарда, гүл бакчаларда, жалпы пайдалануудагы транспорттук каражаттарда, балдар жүргүнчү болгон учурларды кошпогондо, вокзалдардын жана аэропорттордун аймактарында, көлмөлөрдө жана аларга жанаша аймактарда, көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуудагы жерлеринде, көп батирлүү турак үйлөргө жанаша аймактарда, анын ичинен спорт аянтчаларында, мыйзам менен белгиленген тартипте алкоголдук продукцияларды, анын негизинде даярдалган пивону жана ичимдиктерди чекене сатуу каралган, соода кылуу жана коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга арналган (уюмдар же пункттар), көңүл ачууларга, бош убакытты өткөрүүгө арналган (анын ичинде оюн-зоок борборлору, түнкү клубдар, мончолор, сауналар) юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объекттеринде (аймактарында, орун-жайларында) жана “Интернет” маалыматтык-телекоммуникациялык тармакка жетүүнү камсыз кылууга арналган (анын ичинде интернет-кафе, интернет-клубдар) юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объекттеринде тыюу салынат.
Ал эми, түнкү убакыт болуп жай мезгилинде тактап айтканда 1-июндан 31-августка чейин саат 23:00дөн саат 06:00згө чейинки, жылдын калган мезгилинде саат 22:00дөн саат 06:00гө чейинки убакыт аралыгы эсептелет.
Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр 31-декабрдан 1-январга караган түнү, негизги жалпы, орто жалпы билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуунун аякташына арналып, жалпы билим берүүчү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү мезгилинде, мамлекеттик органдар уюштурган майрамдык иш-чараларды өткөргөн убакытта жайылтылбайт.
Ошондой эле, ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар жогоруда көрсөтүлгөн балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген жерлерде балдардын болуусуна жол бербөө боюнча талаптарды сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
Ал эми, балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген жерлерге киргизилген обьекттерди пайдалануучу юридикалык жактар же жеке ишкерлер балдардын болуусунун алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинин 99-бер. көрсөтүлгөн балдарды тарбиялоо боюнча функциялар жүктөлгөн ата-энелер, аларды алмаштырган адамдар, органдар жана билим берүү мекемелери, алардын кызматчылары, медициналык жана башка мекемелердин кызматчылары балдардын укуктары жана таламдары бузулган учурлардын белгилери болгон (байкалган) учурда тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн бул жөнүндө укук коргоо органдарына жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөсүнө билдирүүгө милдеттүү деп көрсөтүлгөн.
Андыктан, ата-энелерди, органдарды жана билим берүү мекемелерин, алардын кызматчыларын, медициналык жана башка мекемелердин кызматчыларын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылууда баардык күч аракеттерди жумшап, алардын келечеги кенен болуусу үчүн жана турмуш тиричиликтин запкысын эрте тартуусун алдын алууга чакырамын.
Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчилик белгиленген.