НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМИ МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ

Бүгүн, 22-июлда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Кошалиев Бакыт Сейтекович менен биргеликте Миң-Булак айыл аймагына караштуу Оттук жана Эчки-Башы айылдарында болду.
Иш сапардын алкагында Оттук айылына “Миң-Булак өнүктүрүү фонду” тарабынан жаңы сатылып алынган Кытай өндүрүшүнөн чыккан “ZOOMLION” үлгүсүндөгү трактор 2 млн 670 миң сомго жана Турция өндүрүшүнөн чыккан “ТУКАН” чөп пресстегичи 1 млн 250 миң сомго алынып, Оттук айылынын элине тапшырылды. Аталган айыл чарба техникалары 3 млн 337,5 сомго сатылып алынган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешовдун көзөмөлү астында “Миң-Булак Өнүктүрүү Фонду” түзүлүп, ага Солтон-Сары алтын кенинен соц.пакет катары жылына бөлүнүп берилген акча каражатынын эсебинен айыл чарбасына керектүү техникалар алынып, жана башка алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Оттук айылынын жашоочулары менен жыйын өткөрүп, элдин суроо-талабын укту жана мамлекетте, райондо жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча элге кыскача маалымат берди.
Оттук айылында Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү (стим.грант) гранттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жаткан кичи футболдук аянтчанын курулуш иштери менен таанышты. Курулуш иштерин “КАПСТРОЙ” ЖЧК тарабынан жалпы наркы 2 млн 921 миң сомго жүргүзүлүүдө (жергиликтүү бюджет 1 млн 571 миң сом, республикалык бюджеттен 1 млн 493,3 миң сом).
Иш сапардын жүрүшүндө Эчки-Башы айылында АРИС уюму тарабын курулуп жаткан ФАПтун курулуш иштери менен жеринде таанышып, курулушта жүргүзүлүп жаткан кемчиликтерди жоюу боюнча айыл өкмөт башчысына тиешелүү тапшырмаларды берип, иш алып баруу жагын белгиледи.
ФАПтун курулуш иштери ОсОО “АНТЖ” тарабынан курулууда, курулуштун жалпы сметалык наркы 5 млн 200 миң сом (жергиликтүү бюджеттен 502 миң сом, АРИС уюму тарабынан 4 млн 698 миң сом).
Бүгүнкү күндө “Миң-Булак тазалык” муниципалдык ишканасынын техникалары Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бардык айылдарында графиктин негизинде айылдарга тиешелүү жайыттарга баруучу жолдорду, ички көчөлөрдү, чарбалык каналдарды, арыктарды жана көпүрөлөрдү оңдоп, түзөө иштерин жүргүзүлүүдө.
Андан сырткары айыл өкмөт кызматкерлери ар бир айылдарда графиктин негизинде соц обьектилерде отуруп калкка кызмат көрсөтүп, жарандарды жеринде кабыл алууда.
Айыл аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана жардам көрсөтүү максатында Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан, азык-түлүк менен жардам көрсөтүүдө.

Жооп калтыруу