2024-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Сапаров Адыл Солтоевич, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович жана Учкун айыл аймагынын башчысы Бектуров Алтынбек Жунусович болуп, Учкун айылында айыл чарба багытында ийгиликтүү иш алып барып жаткан «Азим С» асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Анда белгилүү болгондой «Азим С» асыл тукум фермердик чарбасы 2018-жылдан тарта иш алып барып келет жана негизги багыты уян жүндүү Меранос пародасындагы асыл тукум койлорду өстүрүү, чыктуу тоют камдоо болуп саналат.
Аталган фермердик чарбанын жетекчиси Султанбек уулу Азимбектин айтымында, айыл чарбага тиешелүү баардык шаймандары менен камсыздалган жана тоют топтоодо, малды асылдандырууда, жакшы жыйынтыкка жетишип келет.