“ЖАШ МАНАСЧЫЛАРДЫН” КАРОО-СЫНАГЫНДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУ

Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылындагы Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Бейшебаева Роза Манасбековна “Жаш манасчылар” кароо сынагына катышкан.
Бул кароо сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Саякбай Каралаевдин 130 жыл, Кааба Атабековдун 100 жыл, Уркаш Мамбеталиевдин жана Сапарбек Касмамбетовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган.
Облустук “Жаш манасчылардын” кароо сынагында окуучубуз Бейшебаева Роза баш байгени жеңип алып, 2024-жылдын 11- июлунда Бишкек шаарындагы Кыргыз Улуттук Манас театрында болуп өткөн республикалык кароо-сынагынан 3- орунду багындырып, 5000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Жооп калтыруу