Бүгүн, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында 3-июль- “Медицина
кызматкерлеринин күнү” белгиленип, ак халат кийип, калкка ак кызмат өтөп келе жаткан өмүр сакчылары менен биргеликте майрамдык иш-чара болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова катышып, район акими Мадимаров Нуридин Султановичтин атынан эмгеги менен элге жаккан медицина кызматкерлерин сыйлап, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын” Ардак грамота” жана “Ыраазычылык катын” тапшырды.
Андан соң район акиминин орун басары мамлекетибизде башка тармактар сыяктуу эле медицина жаатында да көзгө толумдуу реформалар жүрүп жатканын, калктын саламаттыгын сактоодо, алдын алууда, илимий иш жактоодогу жетишкендиктерди белгилеп, медицина кызматкерлеринин мындан аркы иштерине ийгилик каалап өттү.