2024-жылдын 2-июлунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Кара-Талаа участкасында, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Жолугушууга Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы А.Бекбоев, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбеков катышты.
Жолугушууда жол маселеси, электр энергиясы жана интернет байланышы боюнча суроолор берилип, жеринде талкууланды.
Эл тарабынан белгиленген көйгөйлөрдү чечүү үчүн жеринде тапшырмалар берилип, иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылып, тиешелүү тармактарга чечүү жолдору сунушталаарын билдирди.
Андан сырткары “Кажырты” насостук станциясында болуп, жеринде насостук станциянын ишмердүүлүгүн, сугат суунун жетиштүүлүгүн көрдү.
Белгилей кетсек, Кара-Талаа каналынын жалпы узундугу 10,0 чакырымды түзөт, анын ичинен 8,2 км бетондолгон жана 22 даана суу бөлүштүрүүчү курулмалар бар.
Суу өткөрүү сыйымдуулугу секундасына 3,0 м3 түзөт.
Кара-Талаа каналынан Кажырты насостук станциясынын алдындагы сугат суу аянты жалпы 960 гектар айдоо жерди тейлөө керек болсо, азыркы учурда жалпы 1251 гектар айдоо аянты тейленип келет.
Мунун ичинен Жерге-Тал айылынын-430 га, Казан-Куйган айылынын 472 га жана Кара-Кужур айылынын 349 га айдоо аянты сугат суусу менен камсыздалат.