30-июнда Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагына караштуу Кайыңды айылында элден чыккан таланттарды,
мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлерди жана айыл аймактардан чыккан өнөрлүү инсандарды эл адына чугаруу максатында “Ыр кесе” болуп өттү.
Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө Жарлыктарынын алкагында мамлекеттик тил, улуттук каада-салтты, үрп адаттарды жайылтуу максатында ишке ашырылды.
Ыр кесени Жалал-Абад облусунун Аксы районунан Нарын районуна өткөрүлүп берилип, Нарын районунан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна ыр кесе сунулду.
Маданий иш-чара Улуттук Телерадио Корпорациясы тарабынан уюштурулуп, ыр кесени тартуу иштерин жүргүзүштү.
Маданий иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Н.Мадимаров, орун басарлары жана айыл өкмөт башчылары катышты.