Бүгүн, 29- июнда Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булуң айылында окуучуларга жагымдуу шарт түзүлүп, кичи автобус менен каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Мындай мүмкүнчүлүктү жеке ишкер Рысбек Шокенов ишке ашырып, окуучуларды мектепке ташып жеткирүү үчүн өз демилгеси менен жалпы баасы 810,0 миң сомду түзгөн кичи автобус алып берген.
Шокенов Рысбек , мамлекеттик ишмер, көп жылдан ашуун мамлекеттик-статистика тармагында эмгектенип, анын ичинен жетекчилик кызматта иштөө менен Нарын районунун, Нарын облусунун жана мамлекетибиздин социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүүгө салымын кошкон Кубанычбек Шокеновдун уулу.
Кичи автобус окуучуларды Ак-Булуң айылынан Ийри-Суу айылындагы М.Байдөөлөтов атындагы орто мектебине 3 км аралыктан ташып жеткирет. Жалпы 33 окуучу барып-келип окушат. Айылдардын аралыгы алыс болгондуктан мектеп окуучуларына транспорт каттамы зарыл болуп келген.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Окенов, Ак-Булун айылынын айыл башчысы Б.Аликов, Шокенов Кубанычбек агайдын уул-кыздары, жакындары жана айыл тургундары катышты.
Район акими өз сөзүндө, айыл үчүн жакшы саамалык болуп жатканын белгилеп, келечек муундарыбызга жакшы шарттарды түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди жана окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууда, үзгүлтүксүз билим алууда аталган демөөрчүлүк менен берилген транспорттун салымы чоң экенин кошумчалады.