НАРЫН РАЙОНУНДА КАЛК САЛАМАТТЫГЫНА КАМ КӨРҮҮ МАКСАТЫНДА КӨЧМӨ МОБИЛДИК КЛИНИКА БЕЙТАПТАРГА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮДӨ

Нарын районунун Мин-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен алыскы аймактардагы калктын саламаттыгын коргоо жана акысыз медициналык жардам көрсөтүү максатында КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун көзөмөлү менен көчмө мобилдик клиника өз ишин баштап, бейтаптарга кызмат көрсөтүлүүдө.
Анда белгилүү болгондой кардиолог, невропатолог, гастроэнтеролог, терапевт, ЛОР, стоматолог, гинеколог, уролог, офтольмолог дарыгерлери атайын түзүлгөн графиктин алкагында акысыз кызмат көргөзүп, компьютердик томография, рентген сыяктуу заманбап жабдуулары менен иш алып барышууда.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясы жана Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан мобилдик клиника жайгашуучу жер аянты дайындалып, айланасы тосулуп, электр энергиясы, таза суусу, канализация тартылып, септик казылып жана интернет менен камсыздалып, бардык ыңгайлуу шарттары түзүлүп берилди.
Бүгүн, 19-июнда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович жана Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиев менен бирге мобилдик клиниканын ишинен жеринде кабар алып, жергиликтүү бийлик тарабынан бардык маселелерди чечүүдө колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, Падыша Абдулла атындагы мобилдик көчмө клиника Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимдин алкагында республиканын аймактарын кыдырып, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте калкка кызмат көрсөтүүдө.

Жооп калтыруу