Нарын районунун айыл аймактарында бир нече социалдык объектилердин курулуш иштери жүрүп, алгылыктуу иштер алынып барылууда.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин биринчи орун басары Т.Кулешов Эмгек-Талаа айыл аймагынын Ак-Кудук, Шоро ал эми Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал, Кызыл- Жылдыз жана Миң-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылында жумушчу сапары менен болуп, жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышып, жеринде күбө болду.
Иш сапардын жүрүшүндө маалым болгондой, Ак-Кудук айылында курулуп жаткан 250 орундуу Омор уулу Кожоке атындагы орто мектебинин ички жумуштары жазалып, жаңы окуу жылында ишке берилүүсү күтүлүүдө.
Ал эми Куйбышев айылында 375 орундуу А.Тыныбеков атындагы билим уясында да иш курулуш иштери жүрүп жаткан.
Бул курулушу жүрүп жаткан мектептер мамлекет тарабынан капиталдык салымдар беренесинен каржыланууда.
Айыл аймактарда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышып, ошону менен катар кемчиликтерин дагы белгилеп, айыл өкмөт башчыларына жана тийиштүү кызматкерлерге иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилди.