2024-жылдын 3-июнда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Султанович Нарын районунун Жерге- Тал айыл аймагынын Казан-Куйган айылынын тургуну пара- спортчу Сүйөркул уулу Нурсултан менен жолугушту.
Ал май айында Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн пара- армрестлинг боюнча өткөн Азия биринчилигинде, сол колдон 1- орун, оң колдон 2-орунду багындырып, өлкөбүздүн желегин желбиретип, жергебизге намыс алып кайткан.
Аким спортчуну жетишкен ийгилиги менен куттуктап, биздин Кыргызстандык спортчулар көптөгөн мелдештерде, анын ичинде Олимпиада оюндарында, Азия оюндарында, Паралимпиада оюндарында өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп жатканы, сүйүнүчтүү кабар экенин белгиледи.
Спортчунун демине дем берип, спорттун өнүгүшүнө кошкон салымын, жетишкен ийгиликтерин колдоп, чакан белегин жана акчалай колдоо көрсөттү.
Нурсултан 24-жашта, Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылында туулган.
Тагдырдын берген сыноосуна сынбай, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша аракеттенип, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды камсыздап келет.