НАРЫН РАЙОНУНУН АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНДА КООМДУК КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 24-майындагы N649/1 буйругунун негизинде, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жана Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн буйруктарына ылайык,
“Акыркы коңгуроо” салтанаттуу майрамдык иш-чарасында коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун күчөтүү максатында Көчмө кабылдама автоунаасы менен айыл элдери, мектеп окуучулар арасында көчөлөрдө, сейил бактарда, жаратылыш койнунда, эс алуучу жайларда кылмыштарды, укук бузууларды алдын алуу, көзөмөлдөө жана калк арасында кеңири түшүндүрүү менен жашы жете электер тарабынан автоунааларды башкаруусуна, бөөдө-кырсык учурларына жол бербөө максатында бир катар иштер жеринде алынып барылууда.
Көчмө кабылдама автоунаасы жана кызматтык автоунаалар менен Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова, милиция кызматкерлери, билим берүү мекемесинин жетекчиси Г.Исакова, мектеп директорлору, уюштуруучулар, ата-энелер, аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештеринин өкүлдөрү менен биргеликте, Миң-Булак айыл аймагынын дээрлик бардык айылдарында күчөтүлгөн тартипте рейддер жүргүзүлүүдө.
Жогоруда аталган көчмө кабылдама Нарын районунун Учкун, Чет-Нура айылдарында да жүргүзүлүп жатат.

Жооп калтыруу