НАРЫН РАЙОНУ 1930-ж. уюшулган (1957-ж. ага Куланак р-ну кошулган). 1962—92-ж. Тянь-Шань району деп аталган. 2004-жылы июль айында Нарын шаары Нарын районунан өзүнчө аймактык бирдик болуп бөлүнгөн.
Түндүгүнөн Кочкор, батышынан Ак-Талаа, Тогуз-Торо, түштүгүнөн Ат-Башы, чыгышынан Жети-Өгүз, түндүк-чыгышынан Тоң райондору менен чектешет, райондун калктуу конуштарынын дээрлик көпчүлүгү республикадагы эң узун дарыя болгон 535 км аралыкты түзөт. Нарын дарыясын бойлой жайгашкан. Борбору — Нарын шаары.
Түзүлгөн убактысы: 1930-жыл
Курамы: 7 айыл аймак
Калкынын саны : 53 481 адам
Улуттук курамы: – 53 451 (кыргыздар ) – 30 (башка улуттар )
Расмий тили: кыргыз тили
Телефон коду: 0 35 22
Республикасынын борборуна чейин – 320 км.
Жакынкы темир жолдон алыстыгы -180 км.
Жакынкы аэропорттон алыстыгы -12 км.