НАРЫН РАЙОНУНУН БАРДЫК АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНДА “АКЫРКЫ КОҢГУРОО” САЛТАНАТЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Нарын районунун баардык айылдарында акыркы коңгуроо майрамы белгиленип, салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары Э. Жанболотова Дөбөлү айыл аймагынын Кайыңды айылындагы М.Кенжакунов орто мектебинин акыркы коңгуроо майрамына катышып, окуучуларга ак жол каалап, акимдин куттуктоосун жеткизди.
Акимдин орун басары Э.Жанболотова өлкө башчысы С.Н. Жапаров тарабынан билим берүү тармагына олуттуу кам көрүлүп, райондо жаңы мектеп, бала бакча жана спорт комплекстер ачылып жатканын, мугалимдердин айлык маянасы жогорулап аны менен бирге чооң жоопкерчилик бар экенин баса белгилеп өттү.
Бул жылы да үлгүлүү жүрүм-туруму жана сабагында жетишкен окуучуларга Нарын районунун акиминин стипендиясы тапшырылды.
Белгилүү болгондой Нарын району боюнча жалпысы болуп 553 окуучу 11-классты аяктап жаткан болсо, ал эми 9- классты 982 окуучу аяктап, райондук билим берүү мекемеси тарабынан күбөлүктөрго ээ болушмакчы.
Ошондой эле Кайыңды айылындагы М. Кенжакунов орто мектеби курулгандагы алгачкы уядан учкан окуучулар 20 жылдык мааракесин белгилеп, айылдын инфраструктурасына, өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн район акиминин атынан ыраазылык билдирди.

Жооп калтыруу