НАРЫН РАЙОНУНДА КЫРГЫЗСТАН КОМСОМОЛУНУН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 24-майда Нарын райондук Эсенгул Ибраев атындагы борбордук китепканасында Кыргызстан комсомолунун 100 жылдыгына катара уюштурулган “Комсомолдун аты улук, кадыры бийик” аталышындагы жолугуу кечеси болуп өттү.
Жолугушуу кечесине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, комсомолдун ардагерлери, окуучулар жана маданият өкүлдөрү катышты.
Район акими Кыргызстандын жаркын келечегин курууда дале болсо катардан калбай жаш кездериндей эрктүүлүктө тайбай Ата-Мекенге ак кызмат кылуунун кайталангыс өрнөгүн көрсөтүп жатышкан советтик замандын комсомолдорун бир кылымдык мааракелери менен чын жүрөгүнөн куттуктады!
Нарын жергесиндеги элибиздин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жаштык жалын, жигердүү эмгегин арнап, райондун тарыхында өчпөс из калтырып жасаган иштери үчүн Нарын районунун элинин жана жеке өзүнүн атынан терең ыраазычылык билдирди.
Узун өмүр, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат жашоо каалоо менен өмүр жолу узак жана байсалдуу болушун каалады.
Комсомол уюму- Союздук жаштардын жарандык жактан калыптанышынын унутулгус учуру, ошол кездеги жаштардын даңктуу тарыхынын ажырагыс бөлүгү.
Күжүрмөн бир туугандыктын, эмгектик эрдик менен атуулдуктун мыкты мектеби болгон Комсомол уюмуна бирдиктүү мамлекеттин миллиондогон, анын ичинде Кыргызстандын да жаштары өтүшкөн.
Мезгилдер тынымсыз өзгөрүлө берет, бирок комсомол жаштарды тарбиялап берген чыныгы баалуулуктар: бүткүл жүрөгүң менен Мекенди сүйүүгө жана аны сактоого, өз элиңдин тагдыры жөнүндө ойлоого, келечекке ишенүүгө кадам.
Ошондой эле иш-чарада китеп, сүрөт көргөзмөлөрү, комсомолдун 100 жылдыгына карата слайд жана обондуу ырлар коюлду.
Бул иш-чара Нарын райондук маданият бөлүмү жана райондук китепкана тарабынан уюштурулган.

Жооп калтыруу