КАЛК КАДЫРЛАГАН КАЛЕМГЕР АСАН ЖАКШЫЛЫКОВДУН 75 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн 2024-жылдын 22-майында залкар акын, таланттуу жазуучу, дасыккан котормочу, кыргыз элинин салт-санаасын, теңдешсиз баалуулуктарын даңазалаган агартуучу, учкул сөздөрдүн устаты- Асан Жакшылыковдун 75 жылдык мааракеси белгиленди.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым өкүлүнүн атынан Н.Мүсүралиева, Нарын райондук маданият бөлүмү, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, маданият өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал акын, драматург, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер Асан Жакшылыковдун 75 жылдыгына карата Миң-Булак айылындагы китепкананын ачылыш аземи болуп өттү.
Китепканага акындын аты ыйгарылып, өмүр таржымалы, басып өткөн жолу жана чыгармачылыгы тууралуу бурч уюштурулган.
Район акими айыл тургундары, маданият өкүлдөрү менен да жолугушуп Асан Жакшылыковдун өткөзгөн өрнөктүү өмүрүндөгү урунттуу учурларга токтолуп, элдин руханий өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошуп, талыкпаган мээнетине тан берип, ден соолук, узун өмүр кааласа ,ал эми Назгүл Болотбековна облус жетекчисинин куттуктоосун окуп, белегин тапшырды.
Андан соң маданият өкүлдөрү тарабынан даярдалган чакан концерттик программага күбө болушту.

Жооп калтыруу