Кечээ, 10-майда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Учкун айыл аймагынын Куланак айылындагы КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” мерчеминин алкагында механикалык тазаланып жаткан Кур-Кокту-1 участогунда болуп, коргоо иш-чарасынын жүрүшү менен таанышты.
Андан кийин мерчемге сунушталган Кур-Жылга-2 участогунда каналдын абалы боюнча маалымат алды.
Мындан сырткары Куланак айылындагы Кур-Жылга-1 участогундагы селден коргоочу канал КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” мерчемине кошумча сунушталып, коргоо иштери жүргүзүлөт.
2024-жылдын 10-май күнү Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылынын Оро-Башы жана Мазар участкасынан түшкөн суунун көлөмү көбөйүп, Эмгекчил айылынын чыгыш тарабындагы турак-жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган.
Кооптуулукту алдын алуу максатында Миң-Булак айыл өкмөтүнөн 1 даана мех.погрузчик, 1 даана экскаватор, 1 даана Хово инженердик техникалары тартылып, сууларды коопсуз жака буруу, жээк бекемдөө жумуштары аткарылган.
Бүгүн, 11-май күнү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров түзүлгөн кырдаал боюнча жеринде таанышуу үчүн Эмгекчил айылында болуп, коргоо иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.
Учурда суунун көлөмү азайып, темир-бетон конструкциялары менен жээк бекемдөө жумуштары улантылууда.
Азыркы учурда аталган аймакта абал тынч, райондук жарандык коргонуу комиссиясынын көзөмөлүндө.