Бүгүн, 11-майда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы К.Бейшебаев жана КРнын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресуртары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарын филиалынын жетекчисинин орун басары Ж.Маатказиев жана Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиев менен биргеликте Эмгекчил айылынын Кош-Дөбө участогундагы жайгашкан Өнөр жай аймагында (пром. зона) болду.
Кур-Терек участкасынан Кош-Дөбө тилкесине автомобиль жана дрон куруу ишканасын куруу боюнча инвесторлор келишкен.
Ошого байланыштуу инфратүзүмдү пландоо жана жакшыртуу боюнча жеринде иштер жүргүзүлүүдө .
Эскерте кетсек, Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагында республикада биринчилерден болуп “Өнөр жай аймагы” инвесторлор үчүн эшигин ачкан.
2023-жылдын 10-октябрда Нарын районунда өткөрүлгөн Инвест-форумдун алкагында Эмгекчил айылынын Кош-Дөбө участогундагы 20 гектарды түзгөн “Өнөр жай аймагынын” (пром. зона) ачылышы болгон.
Бул жер аянты Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жалпы 16 гектар жер аянты айыл чарба багытынан өнөр жай категориясына которулган.
Нарын районундагы “Өнөр жай аймагына” келип, инвестиция салып, ишканаларды ачабыз деген ишкерлерге эшик ачык. Суроо-талап болсо келечекте өнөр жай тилкесин дагы 20 гектарга кеңейтип берүү пландалган.