НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМИ ОРУКТУН ЭМГЕКЧИЛЕРИН ЖЕРИНДЕ КУТТУКТАДЫ

9-май Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата Нарын районунун акими Н. Мадимаров айыл аймактарда болуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, куран түшүрүп, эркиндикке, азаттыкка кан кечкен катуу кармашта жанын сайганын баса белгилеп, бул жеңиш күнү менен куттуктап, элибиз үчүн маанилүү күн экенин баса белгиледи .
Жыл өткөн сайын Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин саны азайып баратканы өкүндүрөт. Бул жолу район акими Дөбөлү айылында оруктун эмгекчиси болгон 95 жаштагы Акымбаев Асанбай жана Куланак айылында оруктун эмгекчиси Дүйшөналиева Чачыкей апа менен жолугуп, кылым жашаган ардагерлердин кайратына, бекемдигине суктанып, каалоо тилектерин арнады.
Жеңиштин 79 жылдыгына арналган мындай иш-чаралар, майрамдык программалар Нарын районунун башка айыл аймактарында да болуп өттү.
Жергебизде кан күйгөн согуш болбой, дүйнө жүзүндө ынтымак менен биримдик, тынчтык менен өнүгүү болуп, жараткан жакшылык жылоолосун!!!

Жооп калтыруу