Бүгүн, 7-майда Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык-академиялык драм театрында Ак-Талаа райондук маданият үйүнүн жигиттери менен Нарын районунун маданият тармагында эмгектенген кыздар ортосунда кыз-жигит сармердени өттү.
Бул маданий иш-чара Нарын райондук мамлекеттик администрциясынын демилгеси жана колдоосу менен Нарын райондук маданият бөлүмү тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.
Сармерден Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата улуттук наркты сактоо жана жалпы адамзаттын руханий баалуулуктарын калкыбыздын калың катмарына жеткирүү, улуттук каада-салтты, үрп-адаттарыбызды, нарк-насилибизди, улуттук тил жана улуттук музыкабызды даңазалап, кийинки жаш муундарга аздектеп калтыруу.
Ошондой эле аймактагы элдин руханий дүйнөсүн байытуу, жаштарды жакшылыкка, каада-салты даңктоого жана сактоого үндөө болуп саналат.
Маданий иш-чарада Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э. Жанболотова Нарын районунун акиминин атынан төмөндөгүдөй куттуктоо сөзүн арнады:
“Кыз-жигит” сармердени–кыргыз элинин көөнөргүс салттарынын бири болгон.
Сармерден айтышуу жалындаган таланттардын жандуу үнү менен аткарылган ыр-күү, бий, макал-лакап, табышмак, жаңылмач көрүүчүлөрдүн жарпын жазып, көӊүлүн көтөрүп абалкы салтты азыркы күндө жандандырган бирден бир сынак болуп, жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн белгиледи.




