Бүгүн, 2024-жылдын 2-майында Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Башат айылында спорт комплекстин ачылыш аземи болуп, 2 кабаттуу спорт комплекстин кызыл тасмасы кесилип, пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов, Кыргыз Республикасынын спорт дрекциясынын өкүлдөрү, спортчулар жана айыл тургундары катышты.
Таш-Башат айылындагы спорт комплексинин курулушу 2015-жылы башталган.
Республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, жалпы сметалык баасы 28 млн 554,4 миң сомду түзгөн. Спорт комплекстин курулушун тендерден “З и АР Курулуш” ЖЧК утуп, курулуш жумуштарын жүргүзгөн.
Нарын районунун Таш-Башат айылындагы жаңы курулган спорт комплексине айыл аймактан чыккан белгилүү, спорттун чебери Муканбетжан Көлбаевдин ысымы ыйгарылган.
Азылыш аземинде район акими Н.Мадимаров: Спорт-бул ден соолук. Билимдүү, спорт менен алектенип, сергек жашоо мүнөзүн күткөн жаштар-биздин келечегибиз. Бүгүн биз жаңы спорт комплексин ачып жатабыз, анын курулушуна республикалык бюджеттен 28 млн сом бөлүнгөн. Заманбап талаптарга жооп берген бул спорт зал айыл тургундарына мыкты пайда алып келүүсүн каалайм. Спорт комплекси айыл тургундарынын спорт менен машыгуусуна жана ден соолуктарын чыңдоосуна жакшы шарттарды түзөт.
Спорт тармагы ар дайым мамлекеттин көңүл борборунда, спортчуларга мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан спорт тармагын өнүктүрүү үчүн ар дайым колдоолор көрсөтүлүп тураарын билдирди.
2024-жылдын 2-майынан тартып 6-май күндөрү өтүүчү спорттук мелдешке өлкөнү 7 дубанынан келген алдыңкы 1200 жаш спортчу катышууда. Оюндун жүрүшүндө спорттун 12 түрүн камтыган “Мен чемпионмун” республикалык оюндар облусубуздун 4 районунда жана Нарын шаарында өтүп жатат.
Анын ичинен Нарын районунда бүгүн жаңы ачылган спорт комплексте балдар өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында “МЕН ЧЕМПИОНМУН” республикалык оюндарынын алкагында “грек рим күрөшү” жана “стол үстүндөгү теннис” боюнча мелдеш өтүп жатат.
Ага республиканын бардык аймактарынан келген 16 жашка чейинки 63 улан-кыз катышып жатат. Алардын 49у 7 салмак категориясы боюнча күч сынашса, калганы теннисте кызыктуу мелдеш көрсөтүшүүдө.
Оюндун максаты – бул жер-жерлерде сергек жашоо образын калыптандыруу, дене тарбияны даңазалоо, спорттун массалуулугун арттыруу жана элеттиктерге ири спорттук мелдештерди тартуулоо болуп саналат.