Бүгүн, 29-апрелде Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун “Кырк-боз үй” участкасында райондук штаб өткөрүлдү.
Штабды Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович жетектеп, жайкы туризмге даярдыктарды көрүү, айлана-чөйрөсүн тазалоо, конокторду тейлөө шарттарын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жарыктандыруу маселелери каралып, коопсуздук маселесине да көңүл бурулду.
Штабга райондук тармактык мекемелердин жетекчилери катышып, район акими тарабынан “Кырк- боз үй” участкасында шарттарды жакшыртууга тиешелүү тапшырмаларды койду.
Андан соң иш сапардын жүрүшүндө Миң-Булак айыл өкмөтүндө Нарын облустук прокуратурасынын кызматкери менен биргеликте, сунуш жана талапты аткаруу максатында мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жыйын өткөрдү.