НАРЫН РАЙОНУНА ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНУН ӨКҮЛДӨРҮ АДМИНИСТРАТИВДИК АЙМАКТЫК РЕФОРМАНЫН ЖҮРҮШҮ БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУГА КЕЛДИ

Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Манас Мураталиев баштаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери Нарын облусуна келип, Нарында ийгиликтүү ишке ашкан административдик аймактык реформа боюнча тажрыйба алмашуу болду.
Тогуз-Торо районунан келген өкүлдөрдү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров кабыл алып, Нарын облусунда пилоттук негизде ишке ашкан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” №85 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” №713 токтому айыл өкмөттөрдө ийгиликтүү ишке ашканын баса белгилеп, учурда айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджетинде өнүгүү үчүн каражаттар пайда болуп, ар бир аймакка ачылган муниципалдык ишканалар тарабынан ички чарбалык каналдарды тазалоо, жазгы айдап-себүү, жайыттарга барчу жолдорду, көпүрөлөрдү ондоо сыяктуу жана башка чарбалык иштерде бир топ жумуштар жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду.
Ошондой эле аймактарда ирилештирүү мезгилинде жетишкен ийгиликтер ошону менен бирге кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө токтоло кетти.
Андан соң Жан-Булак айыл өкмөтүндө уюштурулган семинарга катышып, ирилештирүүнүн натыйжалары, жүргүзүлгөн иш кагаздары, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө жеринде маалымат алышты.
Административдик-аймактык реформанын алкагында ирилешкенден кийинки айыл аймактарды колдоо жана ишин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен Нарын районунун айыл өкмөттөрүнө ар бирине 10 млн сомдон өнүгүү үчүн акча каражаты бөлүнүп берилген.
Ошонун негизинде келген конокторго Жан-Булак айыл өкмөтүнө сатылып алынган айыл чарба техиникалары көргөзүлдү.
Семинардын кийинки жүрүшү Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүндө улантылды.
Миң-Булак айыл өкмөтүндө жаңы ачылып, иштеп жаткан ишканалар менен таанышуу иш-чарасы менен коштолду.
Тактап айтканда конокторго Мин-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылындагы техникалык тейлөө станциясынын (ТТС) ишин жеринде көргөзүлдү жана Куйбышев айылындагы «Мык чыгаруучу цехте» болуп, жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.
Ошондой эле Миң-Булак айыл өкмөтүнүн тех.сервисине сатылып алынган жаңы техникалар көргөзүлдү
и ещё 55
Все реакции:

Президенттин Нарындагы Өкүлчүлүгү, Торогелди Данияров и ещё 53

Жооп калтыруу