НАРЫН РАЙОНУНДА “УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮНӨ” КАРАТА МАССАЛЫК ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ИШТЕРИ БОЛУП ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305
“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, бүгүн, 20-апрелде Нарын районунун бардык аймактарында
“Улуттук тазалык күнүнө” карата ишембиликтер уюштурулуп, айлана-чөйрөнү, жол жээктерин, каналдарды тазалоо, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча массалык иштери уюштурулду.
Нарын районунун Оттук айылынын кире беришине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров,мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургандар катышты.
Оттук айылындагы көчөттөр мекеме- ишканалардын колдоосу менен отургузулду.
Андан соң Жан-Булак айылында “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген ураан астында жөө жүрүш болуп, флешмоб уюштурулду.
Көчөттөр административдик имаратынын астына отургузулду.
Жалпы Нарын району боюнча жалпы ишембиликке 1000 ден ашуун жаран катышып, 1000 жазы жалбырактуу теректер жана 150 ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду.

Жооп калтыруу