АЙЫЛ АЙМАКТАРДА УЮШТУРУЛГАН КООМДУК КАБЫЛДАМАЛАРДА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА ЖАЗГЫ ТАЛААЧЫЛЫК ЖУМУШТАРЫНА ДАЯРДЫКТАРДЫ КӨРҮҮ

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 9-ноябрындагы №297-б буйругунун негизинде айыл өкмөттөрдө уюштурулган коомдук кабылдамаларда жарандарды жеринде кабыл алуу боюнча атайын түзүлгөн графиктин алкагында айыл аймактарда кыдыруу башталган.
Бүгүн, 19-апрелде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн коомдук кабылдамасында болуп, жарандардан келген арыздар менен таанышып, жеринде жарандарды кабыл алды.
Жергиликтүү тургундар жер, жайыт, электр энергия, жол маселелери боюнча кайрылышты. Жеринде чечилүүчү маселелер чечилип, тиешелүү мекемелерге жана кызматкерлерге тапшырмалар берилди.
Ошондой эле иш сапардын алкагында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Н.Мадимаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” №713 токтому менен айыл өкмөттөрдө аткарылып жаткан иштер менен таанышты.
Айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджетинде өнүгүү үчүн каражаттар пайда болуп, ар бир аймакка ачылган муниципалдык ишканалар тарабынан ички чарбалык каналдарды тазалоо, жазгы айдап-себүү, жайыттарга барчу жолдорду, көпүрөлөрдү ондоо сыяктуу жана башка чарбалык жумуштарда бир топ жумуштар жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Нарын районунун бардык айыл өкмөттөрүндө каналдарды казып, тазалоо, жазгы сугат өнөктүгүнө даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Атап айтканда Дөбөлү айыл аймагына караштуу 8 ички чарбалык каналда кызуу иштер жүрүүдө. Бул үчүн Нарын районунун Өнүктүрүү фондунан 3,5 миллион сом каражат бөлүнүп берилген. Мындан сырткары айыл өкмөтүнөн өздүк салым катары 400 миң сом бөлүнгөн. Жалпы узундугу 55 чакырымды түзгөн 8 каналды тазалоо менен Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу 2666 гектар айдоо аянтына сугат суу берүү системалары жакшыртылаары белгиленди.

Жооп калтыруу