2025-жылдын 7-апрелине карата Нарын районунун айыл аймактарында эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова Жерге-Тал айылынын тургуну,7-Апрель Элдик революциясына катышып курман болгон Исмаилов Русландын ата-энесине барып, жеринен кабар алып, куран окулду.
Ошондой эле айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбеков жана маданият кызматкерлери тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаровдун демилгеси менен райондук резервдик фонддон 20 миң сом, ошондой эле айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаттары бөлүнүп, 7-апрелде курман болгон азаматтардын үй-бүлөлөрүнө жардамдар көрсөтүлүп, куран окутулду.
Бул иш-чара –Эркиндик үчүн күрөшкөн баатырларды эскерүү, алардын үй-бүлөлөрүнө болгон урмат-сыйды билдирүү.
Эл баатырларын унутпайт!* 


