2025-жылдын 25-декабрында Нарын районунун Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев, Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектептеринде “Балдардын укуктарын, коопсуздугун жана адеп-ахлактык өнүгүүсүн камсыз кылуу-коомдук жоопкерчилик” аталышында иш чара болуп өттү.
Иш чара Нарын райондук прокуратурасы тарабынан демилгеленип, жолугушууга Нарын районунун прокурору, юстициянын подполковниги Сатинбаев Азатбек Оморжанович, прокурордун жардамчысы Асыпбаева Гузаль Канатовна, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Ашырбаев Талантбек Айбекович , райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Орозалиева Бурул Асановна, ата-энелер жана окуучулар катышты.
Жолугушуунун максаты: балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, укук-бузуулардын, кылмыштуулуктун, рекетчиликтин жана эрте никеге туруунун алдын алуу жана болтурбоо.
Иш чаранын 1-бөлүгүндө окуучулар тарабынан тартылган видеотасмалар көргөзүлүп,атайын бурчтар уюштурулуп, чакан сценкалар коюлду.Ал эми 2-бөлүгүндө тармактык органдардын өкүлдөрүнө сөз берилип, ата-эне жана окуучулар менен суроо-жооп иретинде талкуу болду.



