✅✅✅РЕСПУБЛИКАЛЫК “МАНАС” АЙТУУ СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Бүгүн, 2025-жылдын 30-майында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович республикалык деңгээлде өткөн “Манас” айтуучулар сынагында жеңүүчү болгон Үсөнкулов Алишерди кабыл алып, “1-июнь-Эл аралык балдарды коргоо күнү” менен куттуктады.
Алишер Миң-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылындагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу.
Аким Н.Мадимаров жаш талантты куттуктап:
“Манас айтуучулук-бул улуттук мурасты сактоонун бийик мисалы. Алишердей уулдарыбыз аркылуу руханий баалуулуктарыбыз жанданып тураарын белгилеп, ыраазычылыгын билдирип, акчалай сыйлыгын тапшырды.
Ошондой эле ата-энесине, мектеп жетекчилигине жана мугалимдерине терең ыраазычылык билдирди.

Жооп калтыруу