Бүгүн, 2025-жылдын 8-апрелинде Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, Нарын РИИБнин башчысынын орун басары Т.Ашырбаев жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын катышуусунда Нарын районунун Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы орто мектебинин 9,10,11-класстарынын окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Анда жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун, анын ичинде тоноо, карактоо, опузалап талап кылуу, башка бирөөнүн өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирүү, уруп-сабоо, уурулук, зордуктоо, ыплас аракеттер, алдамчылык жана башка кылмыштар боюнча кеңири түшүндүрмө берилип, ата-энелерге балдарын көзөмөлгө алып, кылмышты алдын-алуу боюнча кеӊири билдирүү берип, татыктуу тарбия берүүнү эскертишти.
Мындан сырткары, эрте никеге туруу, өз өмүрүнө кол салуунун (суицид), балдарга карата зомбулуктун, балдарга карата жасалган ыплас аракеттердин, наркоманиянын кесепеттери жана келечекке тийгизген таасири, аларды алдын алуу механизмдери, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн мыйзамы менен корголгон укук-милдеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошону менен катар, жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, турмуштук оор кырдаалда турган, анын ичинде жетим, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, жана башка аярлуу катмарлардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында натыйжалуу иш-чараларды уюштуруу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 25.02.2025-жылдагы 104-р сандуу тескемеси менен бекитилген “2025–2028-жылдарга Балдар укугу жөнүндө конвенцияны аткаруу тууралуу сунушталган бириктирилген бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамалар боюнча БУУнун Балдар укугу боюнча комитетинин корутунду сын-пикирлерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планынын” алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди күчөтүү зарылдыгы баса белгиленип, келечекте дагы тиешелүү иштер улантылары айтылды.
Ушуну менен бирге, райондун прокурору балдардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга милдеттүү болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара тыгыз кызматташуусун күчөтүүнү талап кылды.