8-МАРТ АЙЫЛЫНДА ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 8-апрелде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу 8-Март айылында болуп, жергиликтүү тургундардын маселелерин жеринен укту.
Жыйынга айыл өкмөт башчысы А.Ташболотов жана айыл тургундары катышты.
Алгач, жыйындын жүрүшүндө Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ташболотов тарабынан, айыл аймакта 2024-жылы социалдык-экономикалык жактан аткарылган иштер боюнча жылдык отчету угулду.
Андан соң, жергиликтүү тургундар тарабынан төмөндөгү суроолор берилди:
🔺Ирригация тармагы (Топон-Арык каналы)
🔺Жайыт маселеси
🔺Жер мунапысы
🔺Медицина тармагы
🔺Электр энергиясы
🔺Жол маселеси (асфальт) ж.б.
Аким Н.Мадимаров көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү тармактар аркылуу карап чыгуу жана мүмкүнчүлүккө жараша чечүү боюнча тапшырмалар берилээрин белгиледи.
Жыйындын соңунда район акими өлкөдө Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар, аймактарды өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программалар, жер-жерлерде социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртуу иштерине токтолуп кетти.

Жооп калтыруу