Прокуратура органдарында ишкерлердин укуктарын коргоо – башкы артыкчылыктуу багыттардын бири
Нарын районунун прокуратурасы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.01.2021-жылдагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” ПЖ №3 Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдар тарабынан ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүү, ишкердикке тоскоолдук кылуу жана мыйзамдуу менчик укуктарын бузуу маселелери боюнча ишкердик субъекттеринин кайрылууларын күнү-түнү кабыл алууну камсыз кылуу максатында, атайын ишеним телефондор уюштурулгандыгы билдирилет.
Нарын районунун прокуратурасынын ишеним телефондору: (0702)-85-87-51, (03522)-5-09-79, (03522)-5-15-62, эл.дареги: naryn_prokuror@mail.ru
Ошону менен катар, ишкердик субъектилердин укуктарын коргоо жана аларды колдоо прокуратура органдарынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналгандыктан, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, учурда толук кандуу иштеп жаткандыгын жана анда ишкерлер уюлдук телефонуна аталган тиркемени көчүрүү менен укук коргоо, салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүнүн өтүнүчүндө көрсөтүлгөн QR кодду сканерлеп текшерүүнүн мөөнөтү, текшерүүчүнүн аты-жөнүн, ошондой эле ишкерлер текшерүүчү тарабынан жол берилген мыйзам бузуулар жөнүндө фото жана видео-материалдарды тиркөө менен даттануусун прокуратура органдарына жөнөтүү боюнча функциялар камтылгандыгын Нарын районунун прокуратурасы маалымдайт.

Жооп калтыруу