Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Урматтуу журналисттер!
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди Маалымат жана басма сөз күнү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
21-кылым – мобилдүүлүктүн кылымы, бүгүнкү күндө учурдагы коомду жалпыга маалымдоо каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес. Жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук пикирди түзүүдө ар дайым негизги ролду ойнойт жана улуттук маданияттын салтын, ахлак-адептүүлүктүн, руханий жана интеллектуалдуу байлыктын жаратуучусу болуп саналат.
Ошону менен бирге журналисттик профессионалдуулуктун – ак ниеттүүлүк, калыстык жана адилеттүүлүк принциптерин кармап биз чоогу адилеттүү, күчтүү мамлекетибизди курабыз деп белгилей кетким келет.
Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздердин чыгармачылык ишиңиздерге ийгилик каалоо менен ар бириңиздерге жаркын келечек, үй-бүлөлүк бакыт, элибиздин эртеңки үмүттүү келечеги үчүн талыкпаган эмгегиңиздер ийгиликтерди коштоп жүрсүн демекчимин.Ар бириңиздерге, талантыңыздар чындык менен кубаттуу, күчтүү жана үмүттүү болсун дегим келет.
Сиздерди терең урматтоо менен Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович

Жооп калтыруу